10:36
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Исфана шаарынын депутаттары премьер-министр менен БШКнын төрайымына кайрылышты

Исфана шаарынын депутаттары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаттары 24.kg агентигине билдирди.

Депутаттар Мухаммедкалый Абылгазиевден шайлоо учурундагы мыйзам бузууларга көңүл бөлүп, Исфана шаарынын элдеринин ынтымагын жана биримдигин сактоо үчүн жана мындай кийинки өткөрүлө турган шайлоо өнөктүгүндөгү ачык айкындуулукту элге жеткирүү максатында мыйзамдуу чечим чыгарууну өтүнүшөт.

«Добуш берүүдөн кийин 7 бюллютенде ашыкча белгилер коюлгандыгы аныкталды. БШКнын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоо тартиби жонундо» Жобосунун 27-пунктуна ылайык «Ар бир депутат жеке өзү добуш берет, башка адам адам үчүн добуш берүүгө жол берилбейт. Ар бир депутат бир гана шаардын мэрине талапкерге же «Баардык талапкерге каршы» позициясы учун добуш бере алат. Бирден ашык белги коюлган бюллютен жараксыз» — деп жазылган. Биз ошондуктан шайлоону жокко чыгарууну суранабыз» — дейт депутат Садыр Жанузаков.

Садыр Жанузаковдун айтымында, шаардык кеңештин эки фракциясы БШКга кайрылып, шайлоону бекитип берүүнү суранышкан.

«Ал өтүнүчкө шайлоодон кийин мыйзам бузуулар боюнча айткан жана шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча шаардык кеңештин чечимин колдогон 3 депутат дагы кол койгон. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, аларга кысым жасалышы мүмкүн. Анткени, айрым күчтөр кандай жол менен болсо дагы Абдували Хамраевдин мэр кылып шайлоо аракетин көрүшүүдө», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Исфана шаарынын мэрин шайлоо 18-сентябрда өтүп, анда Абдували Хамраев 16, Акжол Касымов 14 добуш алган.

Эң көп окулган жаңылыктар