12:36
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Активисттер мэрди шайлоо өнөктүгүн болтурбоону суранышууда

«Биз президентке, премьер-министрге жана БШКга 8-августта өтө турган мэрди шайлоо өнөктүгүн болтурбоо тууралуу өтүнүч менен кайрылдык. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Биздин укук» коомдук фондунун башчысы Калича Умуралиева билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим «Мэрди жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо» аталышындагы тегерек столдун жыйынтыгында кабыл алынды.

«Мэрге альтернативдүү талапкерлер болбогондуктан, шайлоону өткөн жок деп таанылышы керек деп эсептейбиз. Бир гана талапкер болсо- бул шайлоо эмес, дайындоо болот», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби