18:49
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда алгачкы жолу «Жибек жолу» тоо жарышы өтөт

Кыргызстанда алгачкы жолу «Жибек жолу» тоо жарышы өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, велосипед менен тоодо жарышууга дүйнөнүн 26 өлкөсүнөн 95 өкүлү катышат. Анда спортчулар трасса жок жерлер менен жүрүшөт.

«Жол киресин жана тамагын катышуучу өзү төлөйт. Ал эми медициналык жардамды Кыргызстан көрсөтөт», — деди Азамат Жаманкулов.

Иш чара 18-августтан 1-сентябрга чейин өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар