05:58
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бурулай Турдалиеванын өлүмүнө шектүү күнөөнү толугу менен мойнуна алган жок

Бурулай Турдалиеванын өлүмүнө шектүү күнөөнү толугу менен мойнуна алган жок. Бул тууралуу маалымат жыйында Чүй ИИББнын башчысынын орун басары Жыпара Исакбаева билдирди.

Анын айтымында, шектүү болгону ала качкандыгын мойнуна алууда. Калганы эсинде жок.

«Кармалган жаран кызды ала качкандыгын билет, бирок аны кантип өлтүргөнү эсинде жок. Ага карата психиатриялык экспертиза жүргүзүлдү, жыйынтыгы боюнча анын акыл эси ордунда», — деди Жыпара Исакбаева.

Эң көп окулган жаңылыктар