04:48
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бурулайдын өлүмүнө жол берген ички иштер органдарынын 23 кызматкери жаза алды

Бурулайдын өлүмү тууралуу иш боюнча ички иштер органдарынын 23 кызматкери жазаланды. Алардын ичинен 5 кызматкер иштен алынып, 8 кызматкер ээлеген кызматынан четтетилди. Калгандарына тартиптик жол-жобо боюнча жазалар жана эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын иши боюнча Чүй ОИИБнын башчысы жана анын орун басалары, Жайыл РИИБнын башчысы кызматтан бошотулушту.

Кошумчалай кетсек, ИИМдин ички иликтөө кызматы Жайыл районундагы ИИБнын имаратында адам өлтүрүүгө жол берген тартип сакчыларына карата кызматтык иликтөөсүн аягына чыгарды. Эми корутундуга прокуратура юридикалык баа бериши керек.

Эске салсак, 29 жаштагы Таластын тургуну кызды ала качып бара жаткан жеринен кармалып, Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук ИИБнын милиция бөлүмүнө алынып келинген. Документтерди толтуруу маалында, кылмышка шектүү жаран кыз отурган бөлмөгө кирип, эшикти жаап алган. Милиция кызматкерлери эшикти сындырып киришкенде, канга чыланып жаткан кызды жана кылмышкерди көрүшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума