07:57
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Алмазбек Атамбаев Бишкектин мэрине карата ишенбөөчүлүк көрсөтүү тууралуу

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин мэри Албек Ибраимовго карата ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөндүгү тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу КСДП фракциясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Албек Ибраимовго болгон саясий куугунтуктун жыйынтыгы мурда боолгогондой эле болуп чыкты. Шаардык кеңештин сессиясына келбей калган себебин мэрдин өзүнөн сураш керек эле. Балким, ага бул тууралуу маалымат келген эместир, а балким депутаттарга ушундай ыңгайлуу болгондур. Карасаңар иштеп аткан кишиге тоскоол болгондорун! Жарым жылдан бери ушул көрүнүш», —деди Алмазбек Атамбаев.

Бийликтегилер мунун жемкорлук менен күрөшүүгө эч кандай тийиштиги жок экенин жакшы билишет. Ал эми Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовго карата маанисиз айыптоолор жана негизсиз куугунтуктар, айрыкча ЖЭБ боюнча эксперттерге жасалган басым кимди гана болбосун акыйкатка болгон ишенимин жокко чыгарат

Алмазбек Атамбаев

Экс-президент Албек Ибраимовду эффективдүү мэр деп эсептейт.

Эң көп окулган жаңылыктар