17:36
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Социалдык фонд пенсия үчүн керектелүүчү баардык документтерди өзү топтойт

2019-жылдан тарта Социалдык фонд пенсияга чыгууда керектелүүчү баардык документтерди өзү топтой баштайт. Бул жаатта мыйзам кабыл алынды. Мындай билдирүүнү Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев таратты.

Маалыматка караганда, кыргызстандыктар Социалдык фонддун бөлүмүнө паспорту жана эмгек китепчеси менен гана келүүсү жетиштүү. Калган керектүү документтерди топтоп отурбайт.

«Социалдык фонддун сайтында жакынкы аралыкта «Жеке бөлмө» ишке кирет. Камсыздандыруу акыларын төлөп жүргөн жарандар ал жактан кызыктырган суроолорго жооп ала алышат», -деди Медер Ирсалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар