10:27
USD 68.81
EUR 80.45
RUB 1.04

Өгөй атасы тарабынан сабалган эгиз кыздар ооруканага жаткырылды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда өгөй атасы тарабынан сабалган 10 жаштагы эгиз кыздар райондук ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-июнда Сокулук районундагы социалдык бөлүмдүн кызматкерлери кыздардын катуу сабалганы тууралуу маалыматты милицияга кабарлашкан. Анда жаш кыздар денесинен жаракат алганы аныкталды.

Кылмышка шектүү катары кыздардын 35 жаштагы өгөй атасы кармалды. Ал Сокулук районунда 2015-жылдан бери кыздардын энеси, 43 жаштагы келин менен жарандык никеде жашап келген.

Эң көп окулган жаңылыктар