14:31
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Азат Үсөналиев бокс боюнча Эл аралык турнирде алтын медалдын ээси болду

Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев бокс боюнча Эл аралык турнирде алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча Федерациядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Монголиянын Улан-Батор шаарында Ulanbaatar Cup-2018 аталышындагы иш чара соңуна чыкты. Ага Иран, Казакстан, Кытай, Корея, Кыргызстан, Тайланд жана башка өлкөлөрдүн спортчулары катышышты.

Азат Үсөналиев 52 килограмм салмак категориясында ат салышып Түндүк Корея жана Монголиянын өкүлдөрүн жеңди. Финалда Түндүк Кореялык Ли Хисопту артка таштап, алтын медалдын ээси аталды.

Эң көп окулган жаңылыктар