19:56
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Азиз Сатыбалдиев UFC дебюттук кармашына катуу даярданууда

Кыргызстандык мушкер Азиз Сатыбалдиев UFCдеги дебюттук кармашына катуу даярданууда. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазып, машыгуу учурундагы видеосу менен бөлүштү.

«Жекеме-жеке мушташка даярданып жатабыз, бирок азырынча качан болоору белгисиз. Аралчада кармашка чыгабыз деген үмүтүбүз чоң», — деп жазган.

Азиз Сатыбалдиев билдиргендей, UFC уюмуна мушташка катышуу үчүн расмий түрдө келишимге кол койгон.

«Убада болгондой биз расмий түрдө келишимдин биринчи этабына кол койдук. UFCден экинчи келишимди күтүп жатабыз. Бизге 2 келишим берилген, биринчиси катышууга, экинчиси чечүүчү болуп саналат. Ошондуктан утулуп калбашым керек», — деп билдирет Азиз Сатыбалдиев.

UFC уюму менен Азиз Сатыбалдиев жекеме-жеке төрт беттешке келишим түздү.

Эске сала кетсек, UFC уюмунун мушкерлер аралчасы Абу-Дабиде жайгашкан. Биринчи турнир 11-июлга белгиленүүдө. Дагы үч турнир 15-18 жана 25-июлга мерчемделген.

Эң көп окулган жаңылыктар