05:36
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кафеде ичкен тамагына акча төлөбөгөн тартип сакчысы иштен алынды

Боом капчыгайындагы кафелердин биринен тамактанып, бирок акчасын төлөөдөн баш тарткан тартип сакчысы иштен алынды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ысык-Көл ОИИББнан билдиришти.

Маалыматка караганда, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин ушундай чечим кабыл алынган. Башкармалыктын жетекчилиги милициянын ага лейтенанты Бакыт Жукалаев аталган ведомствонун кадыр баркына шек келтирди деп эсептешүүдө.

Эске салсак, социалдык түйүндөрдө тартип сакчысы кафеден тамактанып, бирок акчасын төлөбөгөндүгү тууралуу видео тарап кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар