04:07
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ташкент «Талибан» менен бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги «Талибан» кыймылынын жогорку даражадагы өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөнүн билдирди. Мындай маалымат мекеменин сайтына жарыяланды.

Өзбекстан ТИМинин расмий билдирүүсүнө ылайык, качан жана кайсыл жерде болгондугу айтылбаган бул жолугушуулар быйыл 27-мартта Ташкентте өткөн Ооганстан боюнча эл аралык конференцияда жетишилген макулдашуулардын негизинде уюштурулган.

Билдирүүдө бул аралыкта өзбек тарап Ооганстан өкмөтү, АКШнын, Кытайдын, Орусиянын, Эл аралык контакттык топко мүчө өлкөлөрдүн, ошондой эле Евразия аймагындагы, Түштүк Азия, Орто жана Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин өкүлдөрү менен бир канча жолу консультативдик жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү айтылган.

Ошондой эле анда Ташкент Орозо айтка байланыштуу ок атууну токтотуу тууралуу Ооганстан өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы макулдашууну кубаттай тургандыгы жана өзбек тарап бул элдешүү мөөнөтсүз мүнөзгө ээ болот деп үмүттөнүп жатканы жазылган.

Эң көп окулган жаңылыктар