20:30
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылган аялга жана балдарына документ берилет

Сокулукта күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылган аялга жана анын балдарына документтер берилет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, документтерди алууга Сокулук райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы жардам берет. 

Эске салсак, аталган айылдын 1982-жылы туулган тургуну 1994-жылкы аялын жана өгөй балдарын сабап салган. Натыйжада 2 наристе ооруканага жаткырылган. Учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Сокулук райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Айымкан Керимбай кызынын айтымында, жабырлануучу эч качан паспорт алган эмес.

«Биз тиешелүү органдарга кайрылып, документтерин алып берүүгө жардам беребиз. Ашпозчулук же тикмечилик курсун дагы сунуштап жатабыз. Аны жумушка киргизгенге аракет кылабыз. Кризистик борбордон убактылуу жашап турганга жай берсек, ал баш тартып койду. Жергиликтүү бюджеттен материалдык жардам берип турабыз », - деди Айымкан Керимбай кызы.

Эң көп окулган жаңылыктар