01:00
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Өгөй атасы сабап салган 6 жашар баланын иши боюнча сотко чейинки тергөө башталды

Өгөй атасы сабап салган 6 жашар баланын иши боюнча сотко чейинки тергөө башталды. Бул тууралуу Чүй облусунун ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-ноябрда милицияга Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну кайрылып, күйөөсүнө чара көрүүнү суранган.

«Айтымында, 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү күйөөсү алты жашар баласын жөн турган жеринен сабап салган. Бул факты милиция тарабынан катталып, Сокулук районунун аймактык ИИБине берилген. Ал жерден тийешелүү экспертизалар дайындалып, учурда баланын өгөй атасын кармоо чаралары көрүлүүдө. Бул иштин тергелишин ИИМ жана Чүй облусунун ШИИБ жетекчилери өз көзөмөлүнө алышты», — дешти милициядагылар.

Буга чейин ур-токмокко алынган баланын сүрөттөрү социалдык тармактарда тарап кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар