15:23
USD 87.45
EUR 100.09
RUB 1.10

Бишкекте «Биз, жаштар — кыз ала качууга каршыбыз» аттуу иш чара өтөт

Бишкек шаарынын борбордук аянтында «Биз, жаштар — кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз» деген аталыштагы флешмоб өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Иш чаранын максаты — жаштардын кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршы экенин билдирүү. Анда катышуучу жаштар коомчулукка, ата-энелерге кайрылып, кыз ала качууга тыюу салууга жана кыздарды кыйнап эрте турмушка бербөөгө чакырышат.

Маалым болгондой, флешмобго 5 миңдей студенттин келиши күтүлүүдө. Иш чара 6-июнда саат 10:00дө башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар