13:31
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кыргызстандык мушкер Орусияда өткөн мелдеште алтын медалдын ээси болду

Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев Орусияда өткөн мелдеште алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу спорттук иш чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Маалыматка караганда, Санкт-Петербург шаарында «Губернатордун кубогу» аталыштагы эл аралык мелдеш өттү. Ага 15 өлкөнүн мушкерлери чакырылган. Медалдар 10 салмак катергориялары боюнча ойнотулду.

Азат Үсөналиев 52 килограмм салмактагы аттаандашын жеңип биринчиликти багындырды. Мындан сырткары 56 килограмм салмактагы Кыргызстандык мушкер Сирожиддин Абдуллаев коло медалдын ээси болду.

Эң көп окулган жаңылыктар