02:43
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Баткен жана Ош бажычыларын тыңшоо факты боюнча иш козголду

«Баткен» жана «Ош» бажысынын жетекчилеринин иш бөлмөлөрүнөн табылган тыңшоочу жабдуулар боюнча иш козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы «24.kg» агенттигине билдирди.

Маалыматка караганда, эки факты боюнча эки кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

«Кылмыш кодексинин 136- беренеси («Телефондук, почта, телеграф, электрондук жана башка сүйлөшүүнүн купуялыгын бузуу») менен иш козголгон» — дейт маалымат кызматы.

Эскерте кетсек, бажычылардын иш бөлмөлөрүнөн тыңшоочу аппараттар табылганын депутат Мирлан Жээнчороев 29-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар