08:19
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бажы кызматынын жетекчилеринин бөлмөлөрүнөн тыңшоочу аппараттар табылды

Баткен, Ош облустарынын бажы кызматынын жетекчилеринин бөлмөлөрүнөн тыңшоочу аппараттар табылды. Бул тууралуу Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча парламенттик комитетинин отурумунда депутат Мирлан Жээнчороев айтып чыкты.

Ал тыңшоого алган аткаминерлердин жоопкерчиликке тартылышы керек деген пикирин айтып, иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылды.

«Ушул жылдын апрелинде бажы жетекчилеринин бөлмөлөрүнөн тыңшоочу каражаттар табылды. Аларды ким тыңшап жатат? Жогорку Кеңеште дагы ушундай көрүнүштөр орун алса дагы, чаралар көрүлбөйт. Катуу чара көрүлүшү керек», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар