08:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Тартип сакчылары туристтик сезондун башталышына даяр

Ден соолукту чыңдоочу мекемелердин аймактарындагы жана жарандардын массалык түрдө эс ала турган жайларындагы коомдук тартипти 3 миңден ашуун милиция, ошондой эле 2 миңге жакын ыктыярдуу элдик кошуундар көзөмөлдөшөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ички иштер кызматкерлеринин саны туристтердин келишине жана түзүлгөн жагдайларга байланыштуу көбөйтүлөт.

Учурда мыйзамды жана кызматтык тартипти бузууга жол бербөө үчүн, туристтер менен тыгыз байланышы боло турган өздүк курам даярдыктан өтүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн, Кордай (Казакстан) -Бишкек, «Манас» аба майданы-Бишкек, Түндүк айланып өтүүчү жол- Бишкек, Бишкек -Балыкчы -Чолпон-Ата- Каракол унаа жолдорунда милициянын көчмө посттору коюлду.

Эң көп окулган жаңылыктар