20:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

20 жаштагы улан спортчуларды тоноп кетти

Ош шаарында 20 жаштагы жигит спортчуларды тоноп кетти. Бул тууралуу ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 5 уюлдук телефонду уурдаганга шектүү делген Өзгөн районунун 1998-жылы туулган жашоочусу кармалды. Ага «Айкөл Манас» спорттук клубуна келип, 5 уюлдук телефонду уурдап алды деген күнөө коюлууда.

Ыкчам-издөө иш чарасынын негизинде, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүүнү колго түшүрүштү. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда кармалууда.

Уурдалган телефондор ээлерине кайтарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар