02:36
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Таласта окуучуну сабаган жаран 1 жыл жатак абакта жаза алууга эркинен ажыратылды

Талас облусуна караштуу Кара-Буура райондук соту мектеп окуучусун сабаган жаранды, бир жылга жатак абакта жаза алууга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Ушул жылдын январында кылмышка шектүү жолдон өтүп бараткан мектеп окуучусун себепсиз ур-токмокко алган. Экспертиза көрсөткөндөй 7 жаштагы баланын ден соолугуна жеңил жаракат келтирилген. Сотто жаран күнөөсүн мойнуна алып, кылган ишине өкүндү. Ошондой эле, ал 94 жаштагы энесин багып жатканына байланыштуу, соттон жеңил жаза берилишин суранды.

Эң көп окулган жаңылыктар