18:11
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Сатыбалдиев: ЖЭБди оңдоп-түзөөдө өкмөт мыйзам чегинде иш алып барды

«Бишкек жылуулук-электр борборун модернизациялоодо өкмөт мыйзам чегинде иш алып барды. Менин ага көзүм жетет». Мындай пикирин бүгүн парламенттин жыйынында мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Эскерте кетсек, парламент ЖЭБде түзүлгөн авариялык абалга байланыштуу депутаттык комиссиянын корутундусун кароону улантууда.

Жантөрө Сатыбалдиев, Кытай мамлекетинин Эксимбанк менен түзгөн макулдашуусун кайра карап чыгууну сунуштады.

«Өткөн жылы ТВЕА сиздин пикир менен макул болбой жатканын айттыңыз эле. Эмне үчүн маселени дароо айткан жоксуз? Өкмөт чечкиндүү кадамдарга барышы керек эле да» деди ал депутат Сайдулла Нышанов.

«2013-жылы мен Кытайдын премьер-министрине кайрылып, насыя алуунун шарттарын кайра карап чыгууну өтүнгөм. Ошондо пайыздык көрсөткүчтү төмөндөтө алдык. Анын үстүнө грантты алгандан кийин анан макулдашууга кол коюлду» деди Сатыбалдиев.

Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча кылмыш иши козголуп, энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси менен айыпталууда. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков кечээ УКМКга чакырылып күбө катары бир нече жолу сурак берди.

Эң көп окулган жаңылыктар