19:15
USD 87.45
EUR 91.06
RUB 0.95

Бишкек Жылуулук электр борбору импорттук көмүрдү сатып алууну азайтат

Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек Жылуулук электр борборунун(ЖЭБ) директору Нургазы Курманбеков келерки жылытуу мезгилинде импорттук көмүрдү сатып алуу дагы 50 миң тоннага кыскараарын билдирди.

Анын айтымында, быйыл ЖЭБке сырттан ташылып келген көмүрдү сатып алуу 250 миң тоннага кыскарган. Ошентип ЖЭБ толугу менен жергиликтүү көмүргө өтөт.

Учурда Бишкек Жылуулук электр борбору 1 миллион 200 миң тонна көмүр сатып алса, анын 550 миң тоннасы Кара-Кече көмүрү, 250 миң тоннасы Каражырадан алынып келинген көмүр, калганы Миңкуштун Ак-Улак участкасынан алынган көмүр.

Эң көп окулган жаңылыктар