23:53
USD 87.00
EUR 89.77
RUB 0.79

Баш мыйзамды кайрадан өзгөртүү сунушталып жатат

Экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров төрагалык кылган туруктуу элдик кеңеш баш мыйзамды өзгөртүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Бекназаров  «24.kg» агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча демилгечи топ жыйынга чогулуп, баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жатат. Кийин аталган маселе боюнча референдум өткөрүүгө кол чогултулат.

Жалпы элдик добуш берүүгө Азимбек Бекназаров, Кыргызстан башкаруунун кайсыл формасын тандай?, — деген суроону алып чыгууну көздөп жатат.

Азимбек Бекназаров ошондой эле элдик курултай институтун мыйзамдаштыруу ниетинде. Анын алдында Жогорку Кеңештин депутаттары отчёт берип турушу керек.

Ошондой эле ал, депутаттардын санын жүз жыйырмадан алтымышка кыскарууну көздөөдө.

«Кичинекей Кыргызстан үчүн 120 депутат абдан көп. Алардын саны 60 болушу керек. Алар бир мандаттык оркруг боюнча шайланса жакшы болот. Жергиликтүү соттордун судьялары, жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан шайлануусу шарт», — деди Азимбек Бекназаров.

Эскерте кетсек, буга чейин баш мыйзам 10 жолу өзгөргөн. Акыркысы өзгөртүү 2016-жылы киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар