12:08
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев. ЖЭБтеги кырсыкка дагы ким күнөөлүү?

Парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык боюнча бүтүмүн чыгарды. Бул тууралуу маалыматты эл өкүлдөрү ырасташты.

Депутаттар мурдакы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен ал кездеги энергетика министри, ЖКнын азыркы депутаты Осмонбек Артыкбаевди күнөөлүү деп табышты.

Комиссия мүчөлөрү толугу менен тыянак менен макул эмес. «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов кол койгон эмес, андан тышкары, Исхак Масалиев өзүнүн өзгөчө пикири бар экенин билдирди.

«ЖЭБ боюнча сүйлөшүүлөрдү Атамбаев баштап, Өмүрбек Бабанов улантып, Темир Сариев учурунда башталып, Сооронбай Жээнбеков өкмөт башкарганда аяктайт. Демек булардын баары күнөлүү» — дейт Исхак Масалиев.

Эскерте кетсек, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо үчүн Кытайдан 386 миллион доллар насыя алынган. Анын үстөк пайызы 94 миллион доллар.

ЖЭБти оңдоо боюнча сүйлөшүүлөр 2010-жылы башталып, 2015-жылы биринчи имараттын пайдубалы башталат. 2017-жылдын жайында ачылган ЖЭБ 2018-жылдын 26-январында бузулуп, Бишкек шаарынын тургундары жылуулуксуз калышат.

Бул кырсык боюнча энергетика жаатындагы 7 жетекчиге иш козголуп, камоого алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар