20:02
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Мигрантка эскертме. Дүйнөлүк футбол чемпионаты учурунда катталуу эрежеси

Орусияда өтө турган Дүйнөлүк футбол чемпионатка байланыштуу 25-майдан тарта жаңы катталуу эрежеси ишке кирет.

Ага ылайык, Москва, Санкт-Петербург, Волгоград, Екатеринбург, Казань, Калининград, Нижний Новгород, Ростов-на-Дону, Самара, Саранск, Сочи шаарларына келген чет элдик жарандар 24 саат ичинде катталууга турушу зарыл. Бул иш чара 25-июлга чейин милдеттүү болуп саналат.

Орусиянын миграция кызматы, 25-майдан кийин келген чет элдик жарандарды жумуш же эс алуу күнүнө карабай жергиликтүү Ички иштер органдарына кайрылууну суранат. Чемпионат өткөн шаарлардагы жергиликтүү органдар дем алышсыз иш алып барат.

Белгилей кетсек, чемпионат 24-25-июлда өтөт.

Катталуунун жол-жобосу:

1

Орусияга жол тартаар алдында миграциялык карта алуу керек. Ага сапарыңыздын максатын так жазыңыз. Мигранттар "иштөөгө" деп көрсөтүшү керек.

2

Кабыл алуучу тарап (жумуш берүүчү, же батирдин кожоюну) чет элдик жарандын келгендиги тууралуу бланканы толтурат.


3

25-майдан 25-июлга чейин мигранттар почта байланыш түйүндөрүндө, же Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлорунда каттала алышпайт.

4

РФнын Ички иштер башкармалыктары чет элдик жарандын келгендиги боюнча маалыматты кабыл алышып, аны жалпы базага киргизет. Чет элдик жаранга каттоодон тургандыгы жөнүндө маалымдаманы колуна карматат

5

Каттоого тургандыгы үчүн акча алынбайт!

6

Каттоого тургандан кийин мигрант 90 күн, эмгек келишими болсо 1 жыл Орусияда жүрө алат. Бир жылдан кийин эмгек келишими узартылса, кайра каттоого туруп, же өлкөдөн чыгып кетиш керек.

7

Бул эрежелер 25-июлга чейин гана иштейт.

8

Москвадагы кыргыз диаспорасынын коомдук кеңеши катталуу үчүн ортомчу фирмаларды колдонбоо кеңеши берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби