07:15
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Депутат жаштар үчүн кадр даярдоо мектептерин ачууну сунуштады

«Жаштар маселеси боюнча кадр даярдоо мектептерин ачууну сунуштайм». Мындай пикирин бүгүн парламенттин жалпы жыйынында депутат Карамат Орозова билдирди.

Эл өкүлү бул багытта СССР маалындагы ийгиликтүү тажрыйбаларды ортого салды.

«Мурда «Жаштар — биздин келечегибиз» деген сыяктуу ураандар менен бир кызмат ордуна экиден кадрды резервге коюп, атайын даярдоо мектептеринен окутушкан. Андыктан, азыр дагы мындай ыкманы колдонуп, кадр даярдоо мектептерин ачууну сунуштайм",- дейт эл өкүлү.

Орозова чет өлкөлөрдө окуп жүргөн жаштардын маселесине дагы кайрылып, алар чет жерлерде жогору эмгек акынын айынан калып калбашы үчүн өз мекенинде иштөөгө шарт түзүү керектигин айтты. Анын пикиринде, чет жерде окуп жүргөн балдарды учетко алып, өзүбүзгө тартып, шарттарды түзүп, алардын билимин өлкөгө пайдалануу зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар