Баткенде Жаштар жана Аялдарды колдоо жана өнүктүрүү борборлору ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Аталган борборлорду ачуу үчүн Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 6,3 млн сом каражат бөлүнүп, имарат толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ал эми БУУӨП жана Россия тарабынан жалпы 52 миң АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүнүп, керектүү жабдуулар жана эмеректер сатып алынды.
Иш-чарада 12 миңден ашуун жаштар жашаган Баткен шаарында алардын өнүгүүсү үчүн шарт түзүү өзгөчө мааниге ээ экени белгиленип, Жаштар борбору санариптик көндүмдөрдү үйрөтүүчү заманбап аянтчага айланары айтылды.
Жаштар борборунун максаты — жергиликтүү жаштардын маданий, билим берүү жана социалдык-экономикалык муктаждыктарын канааттандыруу, жаштар демилгелерин колдоо, мамлекеттик жаштар саясатын жергиликтүү деңгээлде ишке ашыруу жана жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.
Бул имаратта «Айым HUB» Аялдарды колдоо жана өнүктүрүү борбору дагы өз ишин баштады. Катышуучулар аял депутаттар тарабынан көтөрүлгөн бул демилге маанилүү диалог аянтчасына айланарына ишеним билдиришти. Борбордо айымдар квалификациялуу укуктук жана психосоциалдык жардам алып, лидерлик жана экономикалык көндүмдөрүн өнүктүрө алышат.

