16:39
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сапар Исаковдун өкмөтүнүн тагдыры ушул аптада чечилет

Сапар Исаковдун өкмөтүнүн тагдыры ушул аптада чечилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги өздүк булактар маалымдайт.

Эртең премьер-министрдин 2017-жылдагы отчетун парламенттин «Ата-Мекен», «Республика-Ата-Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары угушат.

Буга чейин аталган фракциялар Сапар Исаковдун өзүнөн гана отчет угушмай болушкан. Фракциялардын жана комитеттердин баасынан кийин, отчет палатада каралат. Оппозициялык фракциялар өкмөт башчынын отставкасын божомолдошууда.

Эскерте кетсек, КСДП жана «Кыргызстан» фракцияла өкмөттүн отчетун колдоого алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар