20:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Асылбек уулу Дамирбек депутаттык мандатынан ажыратылды

Асылбек уулу Дамирбек депутаттык мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Асылбек уулу Дамирбек башка өлкө жараны болгондугу тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирүү келип түшкөн.

Эскерте кетсек парламент депутаты Асылбек уулу Дамирбек аткезчиликке шектелип Алматыда кармалган. Казакстан бийлиги тарабынан Асылбек уулу Дамирбек Казакстандын жарандыгына ээ экендигин тастыктап, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигин расмий билдирүү жасаган.

Эң көп окулган жаңылыктар