09:39
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

БШК депутаттыкка талапкерлердин кош жарандуулугун текшерүү жолун ойлоп тапты

Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкерлердин кош жарандыгын текшерүүнүн жолун ойлоп тапты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине БШКдан билдирди.

Комиссия мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтымында, талапкерлер атайын анкета толтуруу менен алардын жеке маалыматтарын текшерүүгө укук берет. Анын негизинде талапкер башка мамлекеттин жарандыгына ээ же ээ эмес экени текшерилет.

Юрист Канатбек Азиздин айтымында, мындай ыкманын дагы кемичиликтери бар. Тигил же бул мамлекет тарабынан жооп кечиктирилиши мүмкүн. Ал учурда талапкер каттоодон өтүп же депутат болуп калыш ыктымал.

Ал эми БШК кош жарандуулугун жашыргандар үчүн кылмыш жазасын киргизүүнү сунуштоодо.

Кош жарандык маселеси парламент депутаты Асылбек уулу Дамирбек аткезчиликке шектелип Алматыда кармалгандан бери катуу талкууга алынууда. Казакстан бийлиги тарабынан Асылбек уулу Дамирбек Казакстандын жарандыгына ээ экендигин тастыктап, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигин расмий билдирүү жасаган.

Эң көп окулган жаңылыктар