09:04
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Новопокровка айылынан 45-50 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды

Чүй облусуна караштуу Новопокровка айылынан 45-50 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Жансыз дене Новопокровка айылынын Ленин жана Киров көчөлөрүнүн кесилишинен табылган. Учурда анын өздүгү тактала элек. Эгерде маркумду таанып билгендер болсо төмөнкү телефон номерлерине билдирип коюну суранышат: 0(312) 61-69-07, 0(701) 61-69-07, 0(707) 25-79-02

Эң көп окулган жаңылыктар