14:52
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Селдин кесепеттери. Келтирилген материалдык зыян эсептелип жатат

«Селден жабыркаган үй-бүлөлөргө, айылдарга, райондорго мамлекет тарабынан кандай жардам көрсөтүлөт?» — деп сурады депутат Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин жыйынында.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов мамлекет башчысы бул маселе боюнча Транспорт министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырма бергенин айтты. «Учурда комиссия иштеп жатат. Келтирилген зыян такталып, эсептелгенден кийин чечим кабыл алат. Тиешелүү маалымат берилет», — деди ал.

ӨКМ башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жабыркагандарга жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.

«Таласта сел жүргөнүнө төрт-беш күн болду. Бирок элге кабар берилиши керек эле да, күтүп жатышат. Элден чалуулар көп болуп жатат», — деди депутат.

Эске салсак, 20-апрелден 23-апрелге чейин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 67 жолу сел катталган. 1 миң 92 кожолукту, анын ичинен 264 турак үйдү суу каптаган.

Эң көп окулган жаңылыктар