02:14
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Акылбек Жапаров министрлерге жана чиновниктерге сөгүш берди

Президенттик администрациянын коллегиялык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бир катар министрлерге жана чиновниктерге сөгүш жарыялап, эскертүү берди.

Сөгүш алгандар:

  • транспорт министри Тилек Текебаев;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
  • санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева;
  • санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жумамүдүн Жумалиев;
  • саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева;
  • жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова;
  • президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев.

Эскертүү алгандар:

  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • Инвестиция боюнча агенттиктин директору Талант Иманов;
  • президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев.