03:51
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Мурдагы айыл өкмөт башчысы УКМКнын кызматкерине 20 миң доллар пара сунуштаган

Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы М.Б.М Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, февраль айында М.Б.М. тарабынан Ачы айылындагы айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз берилгендиги жөнүндө маалыматтар алынган.

М.Б.М. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, трансформацияланбаган жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө токтомду жасалмалап, курулуш компанияларынын бирине 10 гектар жер тилкесин бергени аныкталды.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы. Шектүү

«Бул факт боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда М.Б.М. тергөөгө чейинки текшерүүнү оң жагына чечүү максатында УКМКнын кызматкерине 20 миң доллар пара сунуштаган. Аталган сумманын жарымын берип жаткан учурунда ал Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) менен кармалды», — деп билдирди мекеме.

Ош шаардык сотунун чечими менен М.Б.М. УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды.