Жүз жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине жаңы батир берилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.
Облус башчысы Канат Жумагазиев аксакалга Кара-Балтадагы жаңы батирдин ачкычын тапшырды. Ал эми Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев ага ардактуу атуул наамы ыйгарылганын билдирди.
Кошкоро Жаманкулов Улуу Ата Мекендик согуштун экинчи топтогу майыбы. Ал 1924-жылы туулуп, кичүү уулу, келини жана неберелери менен Кайсар айылында жашап келген. Анын 7 баласы, 31 небереси жана 58 чөбөрөсү бар.