10:16
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Баткенде медреселер ортосунда спорттук мелдеш өттү

Баткен облусунун аймагындагы медреселер арасында футбол, теннис жана волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен казыяты жана Баткен районундагы Нур Куран жаттоо медресеси тарабынан уюштурулган мелдеш Баткен шаарында уюштурулуп, жыйынтыгында футбол боюнча Баткен районундагы Нур Куран жаттоо медресеси, волейбол боюнча Муьаз ибн Жабал медресеси, теннис боюнча Муьаз ибн Жабал медресеси биринчиликти камсыз кылышты.

Ал эми алдынкы орунду ээлеген командаларга уюштуруучулар тарабынан акчалай жана баалуу белектер тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума