08:42
USD 69.85
EUR 78.48
RUB 1.03

Министр: Таза суунун жоктугунан аймактарда жугуштуу оорулар күч алууда

2017-жылы Кыргызстандын аймактарында 40 фельдшердик-акушердик пункт ачылган. Бул тууралуу бүгүн, маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

«Аймактардагы медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга убакыт керек. Биринчи кезекте таза суу маселесин чечүү зарыл. Таза суунун жоктугунан жаз-жай айларында жугуштуу оорулар өсүүдө. Коомду балдарды үйдө таза кармап, гигиенаны сактоого чакыруу керек. Аймактарда санитардык медициналык кызматты өнүктүрүү зарыл» , - деди министр.

Эң көп окулган жаңылыктар