19:30
USD 69.85
EUR 78.48
RUB 1.03

Чүй проспекти оңдоо иштери үчүн жабылат

8- апрелден тартып оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн бир нече көчө жабылат. Бул тууралуу мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.

15- майга чейин Чүй проспектинин Шабдан Баатыр көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейинки тилкеси жабык болот. Ал эми 10- июнга Шабдан Баатыр көчөсү Чүй проспектинен тартып, Анкара көчөсүнө чейин жабылат. 1-июлга чейин Чүй проспекти Павлов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин жабык болот.

Аталган жол тилкелери оңдолуп, жол белгилери жаңыртылат.

Эң көп окулган жаңылыктар