08:49
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

КСДПнын съезди жабык эшик артында өтөт

Эртең, 31- мартта Кыргызстан социал- демократтар партиясы жыйынга чогулат. Маалыматка ылайык, съезд жабык эшик артында өтүп, түштө маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн жыйын берет.

Чогулушта партиянын төрагасын шайлоо башкы маселе катары каралат. Ага мурдагы президент
Алмазбек Атамбаев жалгыз талапкер болууда. Андан тышкары партиянын акыркы жылдардагы ишмердигинин жыйынтыгы чыгарылат. Съезддин кайда өтө тургандыгы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Эскерте кетсек, съезд алгач январь айында өтөрү маалымдалып, кийин бир нече жолу жылдырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар