13:54
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков мурдакы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агенттигине Акүйдүн маалымат катчысы Толгонай Стамалиева ырастады.

Анын айтымында, бул кезектеги гана кездешүү болгондуктан ага өзгөчө кызыгуу артуунун зарылчылдыгы жок.

Эскерте кетсек, КСДП партиясы 31-мартта курултай өтөт. Күн тартибинде башкы тема — Алмазбек Атамбаевди кайра төрагалыкка дайындоо. Атамбаев 2011-жылы президент болуп шайлангандан кийин партияны жетектөөдөн кеткен.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ымаласы солгундап калганын айрым ЖМК жазып чыккан. Андай божомолдорго Атамбаевдин жакын кеңешчиси, Сооронбай Жээнбековдун аппарат башчысы Фарид Ниязовдун отставкага кетиши, 17-март күнү «Айкөл-Ала-Тоо» кыймылынын төрагасы Мээрбек Мискенбаевдин Асылбек Жээнбековдун депутаттык мандатын тапшыруу талабы түрткү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар