03:02
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өзбекстанда жарык көргөн Куран китебин сатып алуу үчүн узун кезек жаралды

Ташкентте биринчи жолу Өзбекстанда чыккан Ыйык Куран китебин сатып алуу үчүн узун кезек жаралды. Бул тууралуу «Озодлик» маалымдайт.

Маалыматта өлкөнүн эгемендик тарыхында китеп үчүн мындай кезек болгон эмес.

Ыйык Куран шейх Мухаммед Садык Мухаммад Юсуф тарабынан негизделген «Хилол» басмаканасынан басылып чыкты.
Китеп кызыл кулактардын колуна тийбеши үчүн басмакана жетекчилиги бир киши бир гана Куран сатып алууга укуктуу экенин жарыялады. Китептин баасы 31 миң сум (3,75 АКШ доллары).

Маалыматтарга караганда, Ташкенттин Эски шаарындагы дүкөнүндө жарым саатта 250 китеп сатылды. Өзбекстанда буга чейин Перс булуңундагы өлкөлөрдө чыккан Куран кеңири тараган.

«Хилол» басмаканасынын билдиришинче, Өзбекстан Дин башкармалыгы Куранды 50 миң нускада басып чыгарууга уруксат берди. Учурда 10 миң нуска китеп жарык көрдү.

Эң көп окулган жаңылыктар