14:45
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Анжелика эми айрым сайттарды сотко берди

Ырчы Анжелика Бекболиева эми айрым сайттарды сотко берди. Бул тууралуу ал Instagram тармагындагы баракчасына жазды.

Ырчы айым кайсыл сайттар менен соттошо турганын ачык жазылган эмес.

«Бүгүн айрым калпычы жеке сайттар Урмат менен Анжеликанын ажырашуу соту болот деп жазып чыгышты. Жомок ойлоп чыккандары күлкүбүздү келтирди. Мен хиджаб кийбесем күйөөм таштап кетет имиш. Силерди дагы сотко бердим. Адвокатым иштеп жатат» — деген ырчы айым.

Ошондой эле Анжелика турмушун бузууга аракет кылгандарга жол бербей турганын жазып чыккан.

«Өз көзү менен көрбөй фейк аккаунттарга жаш баладай ишенип, ушак тараткандарга айтаарым, менин жашоомду сыноосу менен сындырам дегендерге эч качан жол бербейм. Инстаграмга маалымат киргизип, сиздерге позитив тартуулай берем», — деди ал.

Эскерте кетсек, Бекболиева буга чейин социалдык түйүндөрдө @anjelika_antifanat деген баракча ачып алган хейтерлерди сотко бергенин маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар