10:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Россиялык режиссер кыргызстандык ырчы Бегимай Турусбекова жөнүндө тасма тартты

Орусиялык режиссер Елена Погребижская Бишкектеги сейил бактардын биринде ырдагандан кийин атактуу болгон Бегимай Турусбекова тууралуу тасма тартты. Белгилүү журналисттин жаңы эмгеги анын YouTube каналында жарыяланды.

ЖМК
Фото ЖМК. Бегимай Турусбекова

«Айылдан келген үй кожойкеси караокеде ырдап... жылдыз болду. Кечинде ырдап, эртең менен атактуу болуп ойгонду. Бул жерде аша чапкандык жок. Элестетсеңиз: парк, кызыксыз жайкы кеч жана күтүлбөгөн жерден караоке аянтчасында Селин Дион «Титаник» киносундагы, андан соң Уитни Хьюстон «Жансакчы» тасмасындагы ырын жандуу ырдай баштады. Көрүүчүлөр ошол замат бош аянтчага чогулушту. Ал эми сахнада жөнөкөй жайкы көйнөк кийген, жоолук салынган, бирок таң калычтуу мукам үнү бар аял турат. Элдер таң калышып, дагы ырдоосун суранышып, телефонго тартып жатышат. Ошол эле күнү кечинде бир нече видеолор социалдык тармактарда тарайт», — деп жазган Елена Погребижская.

Эскерте кетсек, Бегимай Турусбекова 34 жашта. Өткөн жылы ал экинчи баласын жарык дүйнөгө алып келген. Үй-бүлөсү менен Казарманда жашайт.

Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын аяктаган. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окуп, бирок окуусун аяктай алган эмес. Бегимай буга чейин ар кандай сынактарга дагы катышып келген.

Эң көп окулган жаңылыктар