USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Мээрим Төлепберген Мирбек Атабеков менен эки жолго түшкөнүн билдирди

12:34, 28 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Блогер Мээрим Төлепберген өзүнүн инстаграм баракчасында ырчы Мирбек Атабеков менен ажырашканын жазды. 

Ал жеке жашоосуна байланыштуу суроолорго чекит коюп, ырчы менен эки жол түшкөнүн айтты. 

«Менин жомогумдун аягы кайгылуу. Анын аягы бар, кимдир бирөө үчүн бул романтикалуу эмес, бирок эң негизгиси чынчыл жана чын ыкластуу. Кыргыз элинин эң таланттуу артисти, уулу катары Мирбекти чексиз сыйлайм жана сүйөм. Биздин ортобузда балдар, көп жылдар бою жашаган эскерүүлөр бар. Бирок жашоодо жолдор бөлүнгөн учурлар болот. Мен чын жүрөктөн ага өзүнүн адамын табышын, бакыт, ден-соолук, жана чыгармачылык ийгилик каалайм. Мен жашоонун кайсы бир мезгилинде анын жанында болуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазымын. Биздин балдар биз менен болгон эң жакшы нерсе жана алар чындап бактылуу ата-энелерди көргөндө гана бактылуу болоруна ишенем», — деп жазган Мээрим Төлепберген.

Ал үчүн бул жөнүндө айтуу оор экенин жана себебин түшүндүрбөй турганын билдирди.

«Мен эч нерсени түшүндүрбөйм, айтпайм. Бул тууралуу айтуу мен үчүн абдан оор. Бирок бизди түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ишенем», — деп жыйынтыктады ал.

Мирбек Атабеков жана Мээрим Төлепберген 2013-жылы баш кошушуп, 10 жыл чоогу жашашкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика