18:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкектин соту 24.kg агенттигине кылмыш ишин ачыктоого тыюу салды

Бишкек шаар соту 24.kg маалымат агенттигинин кылмыш иши боюнча маалыматтарды ачык жарыялоого тыюу салган тергөөчүнүн аракетин жокко чыгаруу боюнча апелляциялык доо арызын карады.

Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Адвокат Нурбек Сыдыковдун сөзүнө караганда, 24.kg агенттигинин жетекчилиги тергөөчүнүн басылмага карата козголгон кылмыш иши тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тууралуу кол койдурганы мыйзамсыз деп эсептешет.

Адвокаттын маалымдашынча, соттун чечими эмнеге негизделгени азырынча белгисиз.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Ошол эле күнү агенттиктин директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин «Согушту пропагандалоо» беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Бишкек шаардык соту буга чейин 24.kg агенттигинин тергөөчүнүн басылманын кеңсесине мөөр басышын мыйзамсыз деген апелляциялык арызын да четке каккан.

Эң көп окулган жаңылыктар