21:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ырчы Айгерим Расул кызы «Lady World» сулуулук сынагына катышат

Ырчы Айгерим Расул кызы «Lady World» дүйнөлүк сулуулук сынагына катышат. Бул тууралуу ал инстаграм баракчасында билдирди.

Ырчынын айтымында, бул сынакка Кыргызстан биринчи жолу катышат. Ал Сочи шаарында өтүп, 12 өлкөдөн 40 айым чоң байге үчүн күрөшөт.

«Ушул күнгө чейин элим үчүн, жерим үчүн ак эмгегимди жумшап аракеттенип келем. Азыр эми жаркын тилегиңер менен ак батаңыздарды жайып, мага бул кароо сынактан жеңишке жетүүго өбөлгө болуңуздар! Сиздердин колдооңор мен үчүн абдан маанилүүю Кыргыз элимдин ар намысын бийик тутуп, болгон күч аракетимди жумшайм!», — деп жазган ал.

Ошондой эле, Расул кызы Кыргызстандан биринчилерден болуп бул сынакка бара жатканына сыймыктанып, жоопкерчиликти сезип турганын белгиледи. Ал кыргыз кыздарынын аруулугун, акылмандуулугун, сулуулугун дүйнө жүзүнө даңазалай турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, аталган сынакка Россия, Азия жана Европанын айымдары үч категориянын негизинде катыша алат:

  • LADY WORLD — 20дан 40 жашка чейин;
  • QUEEN WORLD — 40тан 50гө чейин;
  • Grand LADY WORLD — 50 жаштан жогору.
Эң көп окулган жаңылыктар