18:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Нарында жети жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү 12 жылга кесилди

Нарын облусунун Орто-Нура айылында жети жаштагы кызды өлтүрүүгө айыпталган адам 12 жылга кесилди. Мындай өкүмдү Нарын райондук соту 22-августта чыгарганын Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы 27-сентябрда билдирди.

Жабырлануучу тарап өкүмгө нааразылыгын билдирип, кийинки инстанцияга кайрылды. Иш облустук сотто кийинки аптада каралышы мүмкүн экени айтылды.

28-апрелде Нарын районунун Орто-Нура айылында жети жаштагы кыз мектептен чыккан бойдон үйүнө жетпей калган. Анын сөөгү эч ким жашабаган үйдүн ичинен табылган. Сыртынан кароо жүргүзүлгөндө ага күч колдонулганы аныкталган.

Кылмышка ушул эле айылдын 64 жаштагы тургуну шек саналып кармалып, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Эң көп окулган жаңылыктар