16:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кемпир-Абад иши: сот процесси абактагы айыпталуучулар жок өтөт

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 4-октябрда Кемпир-Абадга байланыштуу соттук териштирүүгө абактагы айыпталуучулардыр баары, 11 адам алынып келген жок.

 

Алардын жактоочуларынын билдиришинче, судья аларды сот жараянды аяктаган чейин процесстен четтеткен. Жактоочулар судьянын бул чечими мыйзамга каршы келерин айтууда.

Мындан улам судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү, бул өтүнүч канааттандырылган жок.

Аталган сот абактагы айыптоочулардын процесстен четтетилгени тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Мунун алдында райондук соттун алдында Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын жакындары, туугандары сот процессинин ачык өтүшүн талап кылган акцияга чыккан.

27-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча белгиленген сот болбой калган. Буга сот процесси өтчү залда аудио жана видео жаздыруу аппараттары иштебегени негиз болгон. Анда сот отурумун ачык өткөрүүнү талап кылган айыпталуучулар залдан чыгарылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке «жашыруун» грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп жатат.

Милиция аларды «бийликти басып алууга аракет кылган» деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин «Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү», «Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү» беренелеринин негизинде козголгон. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан.

Эң көп окулган жаңылыктар