00:21
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 20- мартта, саат 11:08 чамасында Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Жер тирөөнүн очогу Заалай тоо кыркасында катталып, Нура айылынан 20 чакырым, Көк-Суу айылынан 25 чакырым, Кара-Киндик айылынан 33 чакырым, Бор-Дөбө айылынан 40 чакырым, Ош шаарынан 140 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Силкинүүнүн күчү эпицентрде 4 баллга жеткен. Ал эми Кара-Киндик, Нура, Икизяк айылдарында силкинүү 3 баллга чейин, Иркештам, Бар-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Кыйроолор жана жабыркагандар болгон эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар